Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Коррупциялык схема атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында аныкталды.
Бишкек шаардык ИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз материалдык баюу максатында автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан.
Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн жол кырсыктарынын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.
2025-жылдын 14-январында аталган иштин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында инспекторлор Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалышты.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш жүргүзүүнү улантып, коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылгандыгын эскертет.