УКМК мамлекет балансына Ысык-Ата районундагы 11 социалдык объектилерди кайтарды. Бул объектилерге клубдар, парк зоналары, суу ала турган жай, ПОМ имараты, медпункт имараты ж.б. кирет.
1998-жылдан 2006-жылга чейин аталган имараттар жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктелген.
Алдын ала көрүлгөн чаралардан кийин бул жайлар өз эрки менен мамлекетке кайтарылды. Алардын рынок баасы 120 миллион сомдон ашат.