• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Алдамчылыкка шектелип Октябрь РИИБдин кызматкери издөөгө алынды

6 Бештин айы 2021 20:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

УКМКга Кыргыз Республикасынын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылды.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:
• Чүй областы: (0312) 54-07 19:
• Жалал-Абад областы: (03722) 5-60-49;
• Ош областы: (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл областы: (03922) 5-11-80;
• Талас областы: (03422) 5-20-43;
• Нарын областы: (03522) 5-08-49;
• Баткен областы: (03622) 5-00-33.

Количество просмотров: 1912