• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК Олжобай Шакир боюнча маалымат таратты

25 Баш оона 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда «Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген» деп жазылат.

Олжобай Эгембердиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгону кошумчаланды.

Эске салсак, Олжобай Шакир 23-августта УКМК суракка чакырылып, кийин 48 саатка камалган. Биринчи май райондук аны 23-октябрга чейин камакта калтырды.

Количество просмотров: 138