• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК Ош мэриясынын мурдагы кызматкери Кылыч Саркарбаевди кармады

17 Бештин айы 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Документ жасалмалоого айыпталып, Кылычбек Саркарбаев кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Сулайманов болуп турган кезинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» (Кадыр Досонов) менен тыгыз мамиледе болгон. 2006-жылдын июнь айында уурдоо фактысынын негизинде Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Аталган фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алган. Жасалма документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясында дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген.

Бул иштер боюнча Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 436