• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Пара талап кылган Соттук департаментинин башчысынын орун басары кармалды

13 Бештин айы 2019 16:14 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 15-октябрында КР Башкы прокуратурасына түшкөн материалдардын негизинде, КР УКМК ККК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жогорку сотуна караштуу Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы “А.А.” тарабынан ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Такталгандай, “А.А.” Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси “С.Г.” райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара алган.

2019-жылы 11-декабрында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “А.А.” КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 141