• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Президенттин аппарат жетекчисинин мурунку орун басарынын 70 млн сомдук мүлкү табылды

7 Аяк оона 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

КР президентинин аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, А.Салиев өлкөнүн мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, анын ичинде республиканын президентинин аппарат башчысынын орун басары болуп турган кезде, ар кандай кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаган. Мүлктөрү 70 млн сомдон ашык бааны түзөт, бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору.

Мындан тышкары, тергөө учурунда А.Салиевдин өлкөнүн президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экендиги жана пайда көрүү үчүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар негизи боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 396