• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

УКМК шаардык кеңештин депутатын кармады

8 Теке 2024 10:17 Бишкек Govori.TV

Массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган шаардык кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалып, ал «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган.

Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 250