• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК СИЗОсунда 70 адам кармалууда. Кыйноого, ырайымсыз мамилеге же жашоо шартына эч ким даттанган эмес

30 Тогуздун айы 202415:11 Бишкек Govori.TV

Кыйноонун алдын алуу боюнча Улуттук борбор өз ишинин алкагында абактарды системалуу түрдө пландуу, капыстан текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул тууралуу аталган борбор өзүнүн соцтармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.

30-октябрда Улуттук борбордун өкүлдөрү УКМКнын СИЗОсуна киришкен. Алар киргенде изолятордо 70 адам болгон. Ар бир камерага кирип аларда кармалган адамдар менен маектешүү жүрүп, алардын жашоо шарты текшерилген.

Иши тергөөдө жүрүп жаткан камактагы Имамидин Ташов бүгүн эртең менен өзүнүн ичине жаракат келтирген. Ага зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда анын жарааты анчалык коркунучтуу эмес.

Улуттук борбордун СИЗОну кыдыруусунун жыйынтыгында кыйноо, ырайымсыз мамиле жана жашоо шартка карата арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.

Количество просмотров: 126