• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМК Сокулуктагы жер маселеси боюнча эки адамды кармады

16 Кулжа 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документ жасоо) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

«Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген. 15-июнда Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 111