Социалдык тармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-апрелинде УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош областынын Кара-Суу районунда туулган С.Н. аттуу жаран аныкталды.
Такталган боюнча, С.Н. социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштырган.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.