• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

УКМК түңкү клубдарга баңгизат жеткирип жүргөн жаранды кармады 

13 Бирдин айы 2024 10:24 Бишкек Govori.TV

Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февралга караган түнү УКМК тарабынан баңгизаттарды таратуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда КР жараны А.Р.Н. кармалып, андан жалпы салмагы 1 кг 110 гр түзгөн 6,5 млн сомго жакын «мефедрон» заты алынган. А.Р.Н. курьер болуп саналат жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган.

Мындан улам ошол эле түнү жаштар арасында баңгизаттарды таратуу тармагын уюштурууга байланыштуу ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Хилс», «Молекула», «Кипишь», «Хайв бар» аталышындагы 4 түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалган.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жогоруда аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга алынып келинди.

Ал эми жогоруда аты аталган А.Р.Н. аттуу жаран КР Жазык-процесстик кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 71