Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, төмөнкү жетекчилер кызматтан алынды:
УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович;
УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэл Ормонбекович;
УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович.
Белгилей кетсек, мунун алдында УКМКны жетектеп келген Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы айтылган.
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, …