• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Түштүк-Батыш бажысынын башчысы кармалды

11 Кулжа 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан бажы системасындагы коррупция иштерине байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Н. Айтмаматов аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Такталгандай, Н. Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын «жалган транзитт» ж.б. уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган. Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырылган. Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н. Айтмаматовго таандык болгон»,-деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 10-июнунда Н. Айтмаматов КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1307