• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун курулушунда бааларды жогорулатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

25 Аяк оона 2018 18:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун курулушунда бааларды жогорулатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, кызмат бааларынын көтөрүлгөндүгү үчүн мамлекетке 729 миң доллар чыгым келтирилген. Долбоорду «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы ишке ашырууда. Кылмыш ишин козгоого «Кыргыз жол курулуш» ишканасынын арызы негиз болууда. Азырынча эч кимге күнөө коюла элек.
Ал эми жолду куруп жаткан компаниянын жетекчиси Фариз Жамилдин айтымында, УКМК курулушту атайын токтотуп жатат. Комитетте эч кандай кылмышты далилдөөчү документ жок.
Белгилей кетсек, аталган жол тилкенин курулушу 98 пайыз аяктап калган.
Количество просмотров: 26