• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК тарабынан кармалган салыкчылар иштен бошотулду

12 Бештин айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын төрт кызматкери ишенимин жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулду. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Салык кызматынан кабарлашкандай, кызматтан алынышына УКМК тарабынан өткөн жылдардагы «Дордой» базарындагы коррупциялык схема боюнча алардын айыпталып кармалышы негиз болду.

Белгилей кетсек, кармалган беш кызматкердин бирөөсү 2023-жылдын январь айында иштен бошотулган.

Ошондой эле, учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын белгилей кетүү керек.

Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында «Дордой» базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу, коррупциянын булактарын аныктоо жана анын жайылышына өбөлгө болгон факторлорду нейтралдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу чараларды көрүүдө.

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери Салык кызматынын коллегияларынын, аппараттык кеңешмелеринин жана жумушчу жолугушууларынын күн тартибине киргизилип, коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү үчүн системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп турат.

Количество просмотров: 96