“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков «Азаттыкка» билдирген.
Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган ишкерди «Тез жардам» автоунаасы ооруканага алып кеткен.
«Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМК тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей «күтүп тур» деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, «Тез жардам» менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу «Тез жардам» кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, «Тез жардам» аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим», — деди адвокат.
УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген болчу.