• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Тажикстандан аткезчилик жолу менен товар ташуу уланууда

13 Теке 2021 21:55 Бишкек Govori.TV

Чек ара убактылуу жабык экенине карабай Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен товар ташуу уланууда. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 13-июлда ушундай билдирүү таратты.

Расмий маалыматка ылайык, соңку бир суткада чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан төрт тонна жүзүм кармалды.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсыздануу билдиришкен.

Буга чейин Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май аткезчилигин атайын кызмат бышыктаган.

Апрелдин соңунда чек арада болгон куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан. Качан ачылары жөнүндө маалымат жок.

Количество просмотров: 181