• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Телефондук «террорист» кармалды

9 Жалган куран 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 6-мартында КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо УКМК атай адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвокуацияланган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуу зат жок болуп чыккан.

Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

УКМК тарабынна ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-ж.т. М.Т.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды.

Такталгандай, А.А. бейбаштык менен ананимдүү маалымат жиберген.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК эскертет, жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.

Количество просмотров: 602