27-февралында террорчулукка каршы операциянын алкагында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун террористтик уюмдун 30 жактоочусу кармалган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат берди.
«Алардын иш-аракети чет өлкөлүк ЭТУ борборлору тарабынан координацияланган. Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан. Аталган радикалдык топтун негизги максаты КР конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоо, ошондой эле КР аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүп жатат.