УКМК Токмокто сейил бак курулушуна байланыштуу иликтенип жаткан иштин алкагында шаар мэри жана дагы эки жетекчи камакка алынганын ырастады.
«Сейил бактын курулуш иштерине 44 миллион сом каралып, анын 42 миллиону курулуш ишканасына өткөрүлүп берилген. Иш жүзүндө каражат толук жумшалбай, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.
Ага ылайык, Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А., жана «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. атайын кызматтын төрагасынын буйругу менен кармалган.
Маалыматта белгиленгендей, аталган компания шаардагы жаңы сейил бактын курулушун жүргүзүп жаткан. Бирок бөлүнгөн 44 миллион сом толук көлөмдө жумшалбай, курулуш сапаты төмөн деңгээлде экени аныкталган.