• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Ушак маалымат тараткан адам кармалды

22 Жалган куран 2020 11:35 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 21-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1982-жылы туулган, КР жараны Шаимкулов Кубанычбек Каирбекович аныкталып кармалды.

Такталган боюнча, калкка такси кызматын көрсөтүүчү компанияда иштеген Шаимкулов Кубанычбектентектик аракеттери менен соцтармактар аркылуу Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасында коронавирус жуктурган адамдар качып кетип, анын айынан дарыгерлер жумушун таштап кетүүдө деген жалган маалыматтарды тараткан.

Шаимкулов Кубанычбек кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.

Учурда Шаимкуловдун аракеттерине юридикалык баа берилип жатат.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Количество просмотров: 544