• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

УКТ мүчөлөрү сүйлөшүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди (сүрөт)

16 Жетинин айы 2021 17:35 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнө карата чаралар көрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 12-ноябрына чейинки аралыкта КР УКМК органдарына мурда ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган бир катар КР жарандары алынып келинип, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле алардын шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол бербөө боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө-ыкчам иш-чараларын пландык негизде улантууда.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн учурда, КР мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 162