• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

9 Бугу 202219:19 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-майында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.

Кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 4169