«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда маалымат таратты.
Мекеменин маалыматына ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалган.
«Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул факт сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот.