• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин тармагында коррупциялык фактыларды аныктады

13 Бештин айы 2021 23:20 Бишкек Govori.TV

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош областындагы Кара-Суурайондук  өрткө  каршы  күрөшүү  кызматында курулушту оңдоо иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

       Маалым болгондой, тиричилик буюмдарынжана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миңсомго «Тасма-Групп»  Жоопкерчилиги  чектелгенкоом  жеңүүчү  деп табылган. Бирок келишимтүзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын  орун  басары  милициянын майору “М.Н.”  демилгеси менен “Тасма-Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору “А.у.Э.” акча каражатын накталай алып, ортомчулуккызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы полковник “Ш.Н.Ж.” берилген.

       Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабылалуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген. 

       Бул иштин материалдарынын негизинде2021-жылдын 30-ноябрында Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык мененпайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

       Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 159