• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК Жайыл РЭТнин мурдагы башчысы менен инженерин кармады 

15 Бугу 2023 13:36 Бишкек Govori.TV

 Чүй облусунун Жайыл райондук электр тармактарынын (РЭТ) мурдагы жетекчиси Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар коррупциялык схеманы уюштурууга шектелүүдө.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТнин жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнин негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды. Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 млн 32 миң 197 сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 63