• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Жалал-Абадда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

29 Аяк оона 202512:07 Бишкек Govori.TV

УКМК тараткан маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды.

«Аталган А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн. Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган», — деп жазылат маалыматта.

УКМК А.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын: 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат.

Количество просмотров: 115