• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК: Жасалма диплом сатууга тиешеси бар адамдар кармалды

15 Теке 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Жасалма диплом сатууга тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-июлунда КР УКМК тарабынан жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды.

Кармалган О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандар 3000 АКШ доллары акча каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун жаран Л.А. атына жасап беришкен. Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1385