• Жекшемби 25 Тогуздун айы 2020

УКМК: ЖЭБге көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталды

17 октября 2020 в 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги жылуулук электр борборуна көмүр ташуу боюнча жооптуу кызматкерлердин коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

17-октябрда таратылган расмий маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча чогултуунун коррупциялык схемасын түзгөн.

“Бул аракет жылуулук борбордун жабдууларынын эскиришине терс таасирин тийгизип, атмосферага булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келет”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 237-беренеси (Коммерциялык пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары катталды.

Количество просмотров: 947