УКМК «Жеке жазышуу көзөмөлдөнөт» деген кабарды текшерүүдө
УКМК «Жеке жазышуу көзөмөлдөнөт» деген кабарды текшерүүдө
9 Жетинин айы 201817:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.11.2018.Govori.TV.
«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Интернет колдонуучуларынын жеке кат алышуусун жана сүйлөшүүлөрүн жаздырып ала баштайт» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган.
Маалыматка ылайык,бул маалымат фейк болушу мүмкүн. Анткени УКМК аны тараткан эмес. Мындай маалыматты ким таратып жатканы сөзсүз текшерилээри айтылган.
Эске салсак, бүгүн айрым «WhatsApp» колдонуучуларына «УКМК «Facebook», «Twitter» жана «WhatsApp» аркылуу байланыштын баарына мониторинг жүргүзүп, жаздырып ала баштады» деген мазмундагы кабар келип жатат.
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, …
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында коррупциянын …