• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: «Женго» Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди (сүрөт)

11 Бирдин айы 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилди.

Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын «Фейсбук» баракчасына жазган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган.

Количество просмотров: 807