• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: «Женгонун» кылмыштуу тобунун өкүлдөрү кармалды

10 Бештин айы 202011:58 Бишкек Govori.TV

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча иш-чаралар уланып жатат.

Ага ылайык, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иштеринин алкагында буга чейин соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталды. Алар: 1968-жылы туулган З.Ж. жана 1983-жылы туулган М.З. Аталган эки жаран «Женго» каймана аты бар Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобунун өкүлдөрү. Аларга карата Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Аталган жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алар ачык түрдө уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз иштерине катышуудан баш тартышты жана мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттеништи», — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 137