• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

УКМК: Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды

9 Бештин айы 202015:17 Бишкек Govori.TV

УКМКнын маалыматына ылайык, мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды.

«КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына КР өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.К.К. (Ботобаев Каныбек Калбаевич) тиешеси бар экендиги такталды», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 7-декабрында чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Б.К.К. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 241