КР Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык, адеп-ахлактык абалды камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү.
Мыйзамдуулукту сактоо максатында УКМК төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берди. Анда атайын кызматтын жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.