• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду

6 Бештин айы 2021 23:27 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешининдепутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунундепутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.

Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралыккастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Бур тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда(Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эскеалуу менен, кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 6-декабрында тергөө органдары тарабынанбул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборду ккомиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, А.Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 564