Милиция кызматкерлери аялын кыйноого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, А.Х милицияга арыз менен кайрылып, анын айтымында, 19-февраль күнү саат 21:30дар чамасында күйөөсү М.М аны сабап, бычак менен сайып салган.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, М.М үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Кылмыш кодексинин негизинде бир нече жолу айыпталган.
Кылмышка шектүү 1988-жылы туулган М.М., тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
ШИИБ үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир учуру «жетекчиликтин көзөмөлүндө» деп ишендирди. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун эскертишти.