• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК жогорулатылган баада дары-дармектерди саткан компаниялардын тобун аныктады

27 Аяк оона 2021 11:28 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети калкка жогорулатылган баада дары-дармектерди саткан компаниялардын тобун аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМК Саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлдү жана кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды.

Ошол эле учурда, бул компаниялар тобу контролдоочу мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды.

Бул дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдүн жогоруда айтылган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында өлкөнүн бюджетине салык түшпөгөндүгүнө жана ошондой эле калкка сатылганда дары-дармектердин, анын ичинде өтө керектүү дары-дармектердин баасынын негизсиз жогорулатылышына алып келет.

Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттык сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды.

Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири «А.В.» аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары белгиленип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага карата КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатат, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу баа берилет.

Количество просмотров: 221