• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМКда «Белизгейт» ишинен «жашыруун» грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлдү

4 Бештин айы 2018 11:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.11.2018.Govori.TV.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте түзүлгөн комиссия (УКМК) “Белизгейт» деген ат менен белгилүү кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатат.
Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилет.
Буга чейин Башкы прокуратура «Белизгейт» деген ат менен белгилүү кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошол себептүү андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталганы айтылган.
Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салуу үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.
27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жума ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашканы белгилүү болгон.
Количество просмотров: 28