Буга чейин жоголду делген Зилалиевдин үйүнөн, банктык ячейкаларынан табылган акча каражаттар жактоочуларга көрсөтүлдү. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.
Белгилей кетсек, Зилалиевден камакка алынган көп суммадагы акча каражаттар жоголду деген маалымат тараган.
Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деп «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. Зилалиев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.