Милициянын подполковниги Каныбек Абдрахманов Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (мурунку Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын) башчысы болду. Kaktus.media агенттигинин маалыматына ылайык, Абдрахманов опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмышка шектүү катары УКМКнын тергөө абагында олтуруп чыккан.
Белгилүү болгондой ал тергөө абагында 2 жылга жакын олтурган. Абдрахманов 2017 году Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда Съездбек Касымов менен билгеликте Антикоррупциалык кызмат тарабынан кармалышкан. Кийинчирээк болгон күнөнү Касымов мойнуна алып, ал эми Абдрахманов акталган.
Ал эми, буга чейин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын Акылбек Мамасейитов жетектеген. Ал Баткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.