• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМКнын Академиясы курулуп баштады (сүрөт)

3 Жалган куран 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашып баштаган “КР УКМК Академиясынын” имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты. Заман талабына ылайык курулган болочок “УКМК Академиясында” кыргыз элинин, мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактап, коргой турган кесипкөй кызматкерлер окуп, даярдалышына тилектештик билдирилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 293