• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

УКМКнын алдында Кылычбек Султанды колдоо митинги өтүп жатат

4 Теке 201912:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

УКМКнын алдында мурдакы элчи Кылычбек Султанды колдоо митинги өтүп жатат. Ага «Супер инфо» гезитинин жана Super.kg порталынын журналисттери катышууда.

Кылычбек Султандын айтымында, УКМК аны күбө катары чакырган. Бирок, сурак боюнча маалымат бербөөгө кол койгондуктан кылмыш иши боюнча кенен айта албайт

«Бул саясый иш. Куугунтуктап, коркутуу аракети көрүлүп жатат. Мен Кой-Ташка баргандан эртеси эле таң атпай чакыруу алдым», — дейт ал.

Эске салсак, Кылычбек Султан кечээ беш саат суракта олтурду.

Количество просмотров: 12