Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анын айтымында, 2021-жылдын алтын айынын жыйынтыгы боюнча коррупция менен күрөштүн натыйжасында дээрлик 6 млрд сом өндүрүлдү.
«Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 26 млрд сомдон ашуун болгон. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында дээрлик 6 млрд сом өндүрүлгөн», — деди ал.
Ташиев коррупция менен күрөшүү иштери уланып жатканын белгилеп, мамлекеттин казынасына миллиондогон каражаттарды төлөп берген саясатчылардын атын атады.