Кабинет министрлер төрагасынын орун басары – УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине эскертүү берди. 11-августта Нарын облусунда атайын техникаларды тапшыруу боюнча иш-чарада ал коррупция үчүн жазанын катаалдашканын эске салды.
«Биздин өлкөдө экономиканын өсүшү КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга чыкты. Эмне үчүн? Анткени азыр мурдагыдай уурулук, коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор жок. УКК адамдарды бийликте, ишкерлерди коркутуп, өздөрүнүн башкаруу системасын түзүшкөн. Нарында дагы алар болгон, аксакалдар, балким, билишет. Учурда Кыргызстан боюнча бир дагы УКК жок жана мындан ары болбойт. Коррупцияга каршы күрөш бардык жерде жүргүзүлүүдө», — деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Ал айтымында, эми коррупционерлер мурда тергөө менен кызматташып, айып пул жана зыян төлөө менен кутулуп кетишсе, азыр сөзсүз түрдө түрмөгө отурушат.
«Мыйзамдын негизинде мурда 200 миң, 100 миң, 50 миң же 30 миң сом айып төлөп чыгып кетишчү. Төрт жыл бою коррупция менен ушинтип күрөшүштү. Эми күнөөңдү мойнуңа алсаң да, жеген акчаңды кайтарып берсең да, тергөө менен кызматташсаң да, баары бир түрмөгө отурасың. Ошондуктан коррупциялык кылмыштардын саны кескин азайды, бирок алар дагы деле бар. Милиция, прокуратура, сот органдары жана улуттук коопсуздук органдары коррупция менен күрөшүүгө милдеттүү. Эгерде Нарында жергиликтүү тургундар бул жерде коррупция бар десе, демек, сиздер туура эмес иштеп жатасыздар, демек, натыйжа көрсөтө албай жатасыздар. Эгерде Нарында коррупция токтобосо, анда Нарын милициясынын жетекчилигин, УКМК башкармалыгын, прокуратуранын башчысын жоопко тартабыз. Күнү-түнү иштегиле. Бир дагы коррупционер болбошу керек, ошондо гана биздин өлкө өнүгөт. Муну жөнөкөй жарандар сезиши керек: жашоо жакшырышы керек, инфраструктура, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, жолдор курулушу керек. Ошондо гана биз жакшы иштеп жатабыз деп айта алабыз», — деп кайрылды Ташиев.