• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады

2 Жетинин айы 2018 12:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан чет элдик 5 жаран жана кыргызстандык 4 жаран кармалды. Алар Чүй облусунда ишмедүүлүгүн жүргүзүп келишкен. Колго түшкөндөр 2017-жылдан бери Ооганстан жана Сириядагы эл аралык террордук уюмдун катарына башкаларды тартуу менен алектенишкен.
Мындан тышкары алар Кыргызстанда жардырууларды уюштурууну көздөп жүрүшкөн. Учурда УКМК козголгон кылмыш иштин алкагында иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Количество просмотров: 20