• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМКнын кызматкерлерин ташбараңга алган үч адам кармалды

2 Тогуздун айы 2019 12:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-автоунаа жол» текшерип-өткөрүү пунктунда УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук кылып, кызматкерлерди ташбараңга алган деген шек менен үч жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 29, 26 жана 23 жаштагы жаран Жазык кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кармалып, эки айга камалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

28-сентябрда «Чалдыбар-автоунаа жол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө иштерине жолтоо болуп, кызматкерлерди ташбараңга алышкан. Ыкчам тергөө тобунун бир канча кызматкери ар кандай жеңил жарааттарды алышкан.

Атайын кызматтын өкүлдөрү мыйзамсыз чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин жүргүзүш үчүн барганы айтылган. Чүй облусунун Панфилов райондук милициясы окуя боюнча материалдарды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган

Количество просмотров: 88