• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМКнын төрагасы Ташиев ооруканага түштү

27 Жетинин айы 2020 9:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык. Тынчсызданууга негиз жок. Жакын арада жумушка кайтып келет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Камчыбек Ташиевдин ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Журналист Өткүрбек Рахманов өзүнүн  Facebook  баракчасы аркылуу маалымат берген.

«Урматтуу достор, ар кандай туура эмес маалыматтарды таратпоого чакыруу менен так маалымат берип коюуну  туура көрдүм. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруп, тийиштүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүп жатат. Ак бата тилеп, Жараткандан шыпаа сурап дуба кыласыздар деп ишенебиз. Камчыбек Кыдыршаевич учурда тийиштүү адистердин көзөмөлүндө», -деп жазган ал.

Количество просмотров: 219