• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМКнын жетекчилигинин атын колдонуп $180 миң алгандар кармалды

10 Жалган куран 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын кеңири комплекси жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтердин, ведомстволорунун мурдагы жогорку кызмат адамдары, жана ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды.

Бардык кылмыш иштери боюнча учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көптөгөн иштер белгиленген тартипте кароо үчүн сотторго жиберилген.

Ошол эле учурда, кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча, КР УКМК маалымат келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин атынан өзүлөрүн коргогон адамдар, шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

2021-жылдын 9-мартында жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-ж.т. Кожоев Абдыразак жана 1978-ж.т. Мамаджанов Кумар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 кайрылуусун суранабыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Ошондой эле, КР УКМК бардык тергөө иштери боюнча сот процессуалдык чечимдери кабыл алынаарын жана конкреттүү иштин тергелишинин жүрүшүнө таасир этүү аракеттери мыйзамдын толук көлөмүндө басылаарын эскертет.

Количество просмотров: 302