Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Украина АКШга аскердик техникаларды сурап, расмий кайрылды. Кошмо Штаттар бул өтүнүчтү кароого киришти.
Бул тууралуу АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Уильям Тейлор 7-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазды. Анын билдирүүсүн АКШнын Украинадагы элчилиги таратты.
«Украина биринчи жолу АКШнын Коргоо министрлигинин атайын сатуу программасы аркылуу аскердик техника алуу өтүнүчү менен биринчи жолу кайрылды. Биз бул маселени караганы жатабыз», — деп билдирген Тейлор.
Ал АКШ Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коргонуу тармагы реформаланышын колдой турганын кошумчалады.
Вашингтон Орусия Крымды басып алып, Донбасста жикчилдердин конфликти тутанган 2014-жылдан бери Киевге 1,5 миллиард долларлык аскердик колдоо, анын ичинде танктарга каршы ракеталарды берген.
Орусия жикчилдерге 450дөн ашуун танк, 700 даана оор техника бергенин өткөн айда АКШнын Украинадагы элчиси Жон Хербст Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жыйынында билдирген.